8-октябрдан 18-октябрга чейин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык буйругуна ылайык, Бишкек шаарындагы №67 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектеп окуучулары билимин онлайн режиминде улантышат.
"Эгерде ооруп калсаңыз жумушка чыкпаңыз, бет кап тагыныңыз, колду тез-тез жууп туруңуз же антисептик колдонуп, эмдөөдөн өтүңүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз", - деп жазылат маалыматта.