Экс-депутат жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри экс-вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бир мандаттуу округдан шайлоого катышат. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
Дамира Ниязалиева №32 Кочкор округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.
Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн 145 талапкерден арыз түштү.