Жалал-Абад шаарындагы Манас көчөсүндөгү сел арык тазаланып, бетондолуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, аталган сел арык шаардагы Темир жол, Сарчибаева, Ломоносов жана Горький көчөлөрүн кесип өтөт.
"Арыкты тазалоого жергиликтүүлөр да көмөктөшүүдө. Бетондолуп жаткан арыктын узундугу 1150 метрди түзөт.
Аталган иштер Бириккен улуттар уюмунун "Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк" программасынын көмөгү менен ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.