Биз социалдык тармакта

Оштун мэри жылуулук борборунун кышка даярдыгын текшерип, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды

8-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Оштогу жылуулук электр борборунун кышка даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын алкагында ар бир аткарылган иштерди жеринен көрүп, жетекчиликке электр энергиясын азыраак колдонуу багытында иштерди алып барууну тапшырды. Оштогу жылуулук электр борборунда быйыл 3 даана буу казандардын 2 даанасы кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды. ЖЭБдин балансында узундугу 58,757 км тармактары бар. Мазут даярдоо иштери боюнча “Кыргызнефтегаз” ААКсы тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин негизинде көлөмү 3008 тонна мазут отуну ташылып келип, өткөн жылдан калган мазут отунунун калдыгын кошкондо 5387 тоннаны (21,5 пайыз) түздү. Андан тышкары «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому менен 3,0 млн. метр куб жаратылыш газын алууга келишим түзүлдү.
Белгилей кетсек, жылуулук борбору 331 көп кабаттуу үйлөрдү, 192 жеке турак-жайларды, 19 бала бакчаны, 8 жогорку жана орто окуу жайларын, 19 мектепти, 88 бюджеттик ишкананы, 323 жеке ишканаларды жылуулук менен камсыздайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ruslankg
2021-10-09 04:14:41
Ошентип качан беришет экен жылуулукту ошто тоңуп калдыкко?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан