Биз социалдык тармакта

Он беш жылдык тарыхы бар "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоого карата талапкерлерин тааныштыруу съезди өттү

Бүгүн, 9-октябрда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоого карата талапкерлерин тааныштыруу съезди болуп өттү.

Съездге делегаттар, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлери жана коноктору катышышты.
Алгач съезд аталган партиянын гимни менен башталып, партиянын төрагасы Адахан Мадумаровдун сөз сүйлөөсү орун алды.

Ал быйыл 2021-жылкы шайлоого катыша турган "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мурунку курамын дээрлик сактап калууга аракет кылышканын белгилеп, партиянын максатын жана программаларын айтып өттү.

"Биз президенттик шайлоого чыкканда артка кайталы деген программа менен чыкканбыз. Артка чакыруунун негизги идеясы Советтер Союзунун билим берүү жана саламаттыкты сактоо системаларын кайрадан калыбына келтирүү. Себеби дүйнө жүзү боюнча эң алдыңкы система Советтер Союзундагы коммунистик партиянын ойлоп тапкан билим берүү жана саламаттыкты сактоо системалары болуп келген. Бул боюнча буга чейин Англиянын билим берүү министрлиги, орто окуу жай системасын советтик системага кайтарып бүткөндүгүн расмий түрдө жарыялады. Биз болсо даяр турган нерсени талкалап бүттүк.

Мындан тышкары, тоо-кен тармагы боюнча биз тең шериктик системасына өтүшүбүз керек. Кайсы өлкө, кайсы фирма өндүрөм дей турган болсо, ошолор менен тең шериктик түзүүбүз зарыл.

Тышкы саясат боюнча элчилердин санын кескин кыскартабыз. Айрым өлкөлөрдөгү элчилердин бизге кереги жок. Сандарын эмес, сапатын жогорулатышыбыз керек", - деди Адахан Мадумаров.

Ошондой эле экология, маданият жана спорт тармагындагы көйгөйлөрдү, аны менен катар чечүү жолдорун, демилгелерин айтып өттү.

Ага улай "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу:

"Биздин эң алгачкы жасай турган иштер - конституция, конституциялык жана шайлоого байланыштуу мыйзамдар, кодекстер. Партиябыздын программалары 15 жылдан бери өзгөрбөйт. Айрым нерселер гана алынып, кошумчаланат. Быйылкы шайлоонун таза өтүүсүнө ниет кылабыз", - деп сөз сүйлөдү.

Андан соң партия мүчөлөрүнүн жарыш сөздөрү сүйлөнүп, делегаттардын айрым суроолоруна төрага Адахан Мадумаров жооп берди.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитүү боюнча делегаттардын жашыруун добуш берүүсү орун алып, мүчөлөр тааныштырылды.

2006-жылы түзүлгөн бул партиянын ушул күнгө чейинки жасаган иштери, кылган эмгектери чагылдырылган кыскача тасма көрсөтүлүп, бата менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, аталган партия 54 кишиден турат жана съездге жалпысынан 102 делегат катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
bond02
2021-10-09 20:01:10
Мадумаровду колдойбуз!
+4
Rusbayastan
2021-10-09 20:10:00
Мен дагы колдоймун
+7
Real98
2021-10-09 20:27:38
Мадумаровду колдойбуз
+3
KaGaH
2021-10-09 20:59:13
Мадумаров булбул! булбул бактын башында кооз сайрайт экен суктандырып,жерге түшкөндө карасаң бок чокуп жаткан болот экен)))
0
Alishdaman
2021-10-09 21:38:04
KaGaH,Сөздөрүң боктон айырмасы жоктой
-5
KaGaH
2021-10-09 23:05:16
Alishdaman,Мадумаровго 2 чи аял болуп тийип ал
-2
Alishdaman
2021-10-10 03:37:31
KaGaH, Мышык майга жетпей сасык дептир,жете албай ичиң күйүп жатабы сенин ооруңа бир дабаа туз жала
+4
Dembele84
2021-10-09 21:49:11
KaGaH,Маймыл нары ойночу!
+1
KaGaH
2021-10-09 23:04:38
Dembele84,84 болсоң картайып эле калыпсың,манера обшения жаш бала го,ар ким өз оюн айтканга акысы бар,жакпаса окуба))
-1
Egizderim-baktim
2021-10-09 21:13:19
Колдоп журуп чарчадым мен, дайыма добуш берчумун, же чын эле шайлоо таза отпойт же чын эле Адахан Мадумаровду колдогондор аз
+11
anash
2021-10-09 21:32:07
Колдойбуз
+5
barsbegKG
2021-10-09 22:21:54
2010-жылы босогонон өткөн партия добушун уурдап коюшкан. Кийинки шайлоолор да ошондой болгон. Бул жолкусунда да өтөт.
+5
barsbegKG
2021-10-09 22:22:36
Ар дайым "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын колдоп келгенбиз.
+2
make2
2021-10-09 23:49:42
Өтсүн өтпөсүн шайлап келгем шайлай берем, номер бир саясатчы Мадумаров, фейктер канча караласа дагы бир дагы кир жуккан жок, себеби Чубак ажы айткандай таза
+3
Apyn8793
2021-10-10 03:55:50
Куу тулку бул. Мамлекеттик катчы болуп турганда Бакиев жарадар болуп Германияга кеткенден кийин, бул бийликке келем деп Ак уйдун ичинде будун чан салганда Бакиев айыгып келип Мадумаровду к.тко тээп айдап, мамлекеттик катчы кызматын жоюп салган. )))
-4
Zumrudianka
2021-10-10 04:57:58
Аллах озу таразаласын жана куру сагызгандай шакылдагандын командасын Кыргызстандын келечеги учун артта калтырсын. Аллахтан болуп таза элин жерин суйгон мекенчилдер гана бийлике келишсин Роббана аатина фиддуния хасаната Ва фил аахирати хасаната Ва киннаа азаабаннаар
-3
Antiradikal3
2021-10-10 09:08:33
Zumrudianka, манкурт дура экенсин. Кыргызстандын келечеги жок, бийликте Садыр менен Камчы турса. Дагы аминь кылып коет, сабатсыз дура. Бироого ор казсан озун тушосун дейт. Бироого айткан наалатын оз башына келбесин Камчы менен Садырдын жугундукор куну...

Мен Мадумаровду колдогон жерим жок, башкасын дагы. Бирок сенин долбаепский пикиринди окуп жон тура албадым. Бийлик учун намысын саткан, денесин саткан сендейлерди Жер кантип которуп журот болду экен?!
0
surgeon777
2021-10-10 10:02:44
Орозайым корунбойт го)...
+1
mirlanpiter
2021-10-10 10:46:46
Артка кайтуу программасы менен кете бергиле өзүңөр артка,..Биз Кудай буйруса алдыга барабыз заманбап жолунда
-9
nargiz-sa
2021-10-10 13:56:33
Алга Бүтүн Кыргызстан
+5
JaneEr
2021-10-10 18:02:02
Курук обещание...Ушунча жыл Мадумаров элге жмне кылып койду?Вирус жок деп кырган да ушу
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан