Биз социалдык тармакта

Омурткасы кыйшык өскөн Элхан Түркияга учуп кетти

Омурткасы кыйшык өсүп, элден жардам сураган 12 жаштагы Элхан бүгүн, 11-октябрда апасы менен Түркия өлкөсүнө дарылануу үчүн учуп кетти.

"Кайрымдуу бол" фондунун жетекчиси Азамат Байматов билдиргендей, Элхан буга чейин Индияда дагы текшерүүдөн өтүп келген.

"Элханды алгач Индияга алып барып, бир нече күчтүү дарыгерлерге көрсөттүк. 7-8 жашында алып келсеңер башкача болот эле деп 50 пайыз гана кепилдик беришкен. Эми Түркияга алып кетип жатабыз, ал жакта дагы кесипкөй дарыгерлер көп, көрсөтүп көрөлү деп жатабыз. Бул жактан көрүнүп бүткөн соң акыркы чечимди баланын ата-энеси кабыл алат. Баарыбыз Элхандын ден соолугу чың болушун каалайбыз", - дейт Байматов.

SUPER.KG порталы дагы "Кайрымдуу бол" фонду менен биргеликте бул сапарды окурмандарга чагылдырып берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aza2100
2021-10-11 09:15:19
Аллахым шыпаасын бер, инибиздин омурткасы түздөлүп балалыктын сонун күндөрүн өткөрсүн, жардам колун сунгандандарга да эселеп береке берсин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан