Биз социалдык тармакта

"Суу даярдап алыңыз". Эртең Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу таза суу берилбейт

Эртең, 12-октябрда Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында убактылуу таза суу берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мэриянын маалыматында айтылгандай, таза суунун берилбегени "Гагарин", "Түштүк-Батыш" суу алуучу жайларында жана шаардык суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

Таза суу төмөнкү аймактарда берилбейт:
Жунусалиев, Чайков, Айни, Лев Толстой, Садырбаев, Космическая, Жумушчу шаарчасы, Айыл чарба институту, Ак Өргө, Ак Ордо жаңы конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк бөлүгү), Теңир Тоо (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн) чектешкен аймакта 9:00дөн 21:00гө чейин таза суу өчүрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан