Социалдык фонддун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Арстанбек Абдуллаев дайындалды. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Жаныбек Орозалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Арстанбек Абдуллаев 2021-жылдын 17-майынан бери Соцфонддун төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген.
Белгилей кетсек, Жаныбек Орозалиев Социалдык фонддун төрагасы болуп ушул жылдын май айында дайындалган.