Биз социалдык тармакта

Бишкектин Көлмө конушунда канализация курулушу аяктады

Бишкектин Көлмө конушунда Кулиев көчөсүн бойлой канализациялык тармактардын курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мэриянын маалыматына ылайык, канализация тармагынын узундугу 445 метрди түзөт. Бул конушта 30дан ашык үй канализацияга кошула алат.

Канализация тармагын курууда бардык стандарттарга жооп берген материалдар колдонулган. Объект "Бишкексууканал" башкармалыгынын балансына өткөрүлөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-10-11 14:45:53
30 тан ашык үй кошулбайбы эмнеси анан канализация
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан