Биз социалдык тармакта

Коомдук транспорттун айдоочуларынын жол эрежесин сактоосуна көзөмөл күчөтүлдү

Коомдук транспорттун айдоочуларынын жол эрежесин сактоосуна көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык транспорт башкармалыгында транспорттук компаниялардын жетекчилери менен жыйын болуп өттү. Анда тараптар коомдук транспорттун ишин жакшыртуу боюнча маселелерди жана пландарды талкуулашкан.
"Айдоочулар менен түшүндүрүү иштери, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты жана этика боюнча тренингдер өткөрүлүп, айдоочулардын жол эрежесин сактоосуна көзөмөл күчөтүлөт.
Бир нече жолу эреже бузган айдоочуларга тиешелүү чаралар көрүлөт. Алар биринчи эреже бузуу үчүн эскертүү алышат, экинчи тартип бузгандыгы үчүн дисциплинардык жаза алышат, эгер айдоочу эреже бузууну уланта берсе, келишимди бузганга чейин ага карата чара көрө алышат.
Урматтуу шаардыктар, 0 (312) 53-36-48 ишеним телефонуна, 0509 006 611 whatsapp номерине жана шаардык транспорт башкармалыгынын социалдык тармактардагы баракчаларына мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүнү калтырууңузду суранабыз", - деп жазылган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан