Биз социалдык тармакта

"Сүйүүнүн өмүрү", "Баскетбол шакекчеси". Бишкекте түрк тасмалар жумалыгы өтөт

Бишкекте 16-20-октябрда 5-Түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, түрк фильмдери жумалыгында "7-камерадагы мужиза", "Баскетбол шакекчеси", "Маузер", "Сүйүүнүн өмүрү" жана анимациялык "Мадыра баштар: Киндик-Төбө" фильмдери кино сүйүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт.
Ошондой эле бул мыкты фильмдер аркылуу түрк киносуна сереп салууга мүмкүнчүлүк жаратылат.
"Өзгөчө бул жумалыктын алкагында кино көрсөтүүлөрдөн кийин искусство адамдары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу мүмкүнчүлүгү болот. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери менен түрк киносу боюнча баарлашуу өткөрүлөт. Саамалыктын алкагында Түркиядан келген режиссёрлер, актёрлер жана продюсерлер менен кыргыз кино актёрлорунун арасында жолугушуулар менен катар орток эмгектерди жаратуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана баарлашуулар ишке ашырылат", - деп жазылат маалыматта.
Көрсөтүлө турган фильмдер:
  • "7-камерадагы мужиза";
  • "Баскетбол шакекчеси";
  • "Маузер";
  • "Сүйүүнүн өмүрү";
  • "Мадыра баштар: Киндик-Төбө" (анимациялык фильм);
  • "Өмер жана биз".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан