Биз социалдык тармакта

Өлкөдө көмүрдүн баасы 3 ай мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт

Өлкө аймагында көмүрдүн баасы 3 ай, тагыраагы 90 күн мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

"Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча чараларды көрүү тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин көмүрдүн баасы көтөрүлүп жатканы айтылып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sofiya05
2021-10-12 13:31:35
Бааны да жаза кетсеңер
+2
aliya-leyla
2021-10-12 14:02:24
ошондо баасы канча болот
+3
AdylbekB84
2021-10-12 14:04:20
Баткенди дагы карап койгула андай болсо, 7 жарым сом, 8 сом болуп жатат кгмы, сүлүктүнүн көмүрүн казып алыш кыйын дешет анда башка жактан көмүрдү алып келишпейби өкмөт!
+3
Samina007
2021-10-12 14:11:17
Алайда көмүр чыгат да гүлчөдө 6,50тыйын болуп жатат ушуну да карап койушса. Жүз элүү км аралыгы гүлчө менен көмүр кендин
+4
Apyn8793
2021-10-12 14:18:54
5 сомдон ашпашы керек баасы
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан