Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда чоң жүк ташуучу унаа көпүрө менен кошо кулап кеткен.
Окуя боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын билүү максатында Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Нурзаман Алимбековго байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Окуя болгондон кийин эки тараптын жолдору жабылды. Бул жол ДЭУга тиешелүү болгондуктан алар 15-20 күндүн ичинде көпүрөнү калыбына келтиребиз дешти", - деди Алимбеков.