Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда таштандыны шаардын чок ортосунда өрттөгөн базардын жетекчилигине 23 миң сом айып салынды

Жалал-Абадда таштандыга акы төлөөдөн качып, аны өрттөгөн "Аль-Мадина" (Адилет) базарына айып пул салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардагы "Аль-Мадина" (Адилет) базарынан чыккан таштандылар базардын чок ортосунда күнү-түнү дебей, атайын меште өрттөлүп жок кылынып келген. Өрттөн чыккан түтүн, жагымсыз жыт базардын айланасында жашаган жашоочулардын нааразычылыгын жараткан.

"Алар жергиликтүү бийликке маселени чечип берүү боюнча кайрылып, жыйынтыгында Жалал-Абад шаардык мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын тазалыгын сактабаган жана экологияга зыян келтирип жаткан базар жетекчилигине карата 23 миң сом айып пул салды.

"Жалал-Абад Тазалык" муниципалдык мекемесинен билдиришкендей, шаардагы "Борбордук базар" таштанды үчүн ай сайын 100 миң сомго чукул акча каражатын төлөйт. Ал эми "Аль-Мадина" базары таштандыга акы төлөбөөнүн амалы катары бир топ убакыттан бери таштандыларын өрттөп келген", - деп билдиришти мэриядан.

Жалал-Абадда таштандыга акы төлөөдөн качып, аны өрттөгөн "Адилет" базарына айып пул салынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан