Бишкектин Свердлов районундагы Чоң Чүй каналына 11 жаштагы бала түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар баланы суудан аман-эсен чыгарып, куткаруу кызматына өткөрүп беришкен.
Куткаруучулар өз алдынча биринчи жардам көрсөткөн соң "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Жерине ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.