Бүгүн, 13-октябрда коомдук жайларда тамеки, кальян чегүүгө тыюу салган мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирди.
Президент Садыр Жапаров мыйзамга 28-сентябрда кол койгон жана мыйзам бүгүн, 13-октябрда күчүнө кирди.
Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.