Биз социалдык тармакта

Памирдеги этникалык кыргыздарга жардам жеткирилди (фото)

Бүгүн, 13-октябрда Ооганстандын чоң жана кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга жардам жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Ооганстандагы этникалык кыргыздарга жардам берүү боюнча жылдык мамлекеттик программанын алкагында 2021-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын экспедициясы Кабулдагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин жардамы менен чоң жана кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга кезектеги гуманитардык жардам жеткирди. Өткөрүлгөн негизги продукциянын жалпы көлөмү 95 тоннаны түздү", - деп жазылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, гуманитардык акцияны ишке ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын кабыл алуучу өлкөдөгү делегациясы этникалык кыргыздардын Ооганстан аймагы аркылуу мындан ары коопсуз жашоосу жана эркин жүрүүсү боюнча макулдашууларга жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gulya583
2021-10-13 21:23:20
Жакшы иш болуптур. Аллах ыраазы болсун Кыргызстандан
+10
KaGaH
2021-10-13 21:23:35
Машаала!
+8
Jaka1978
2021-10-14 01:17:04
Аллахым өзү ыраазы болсун
+3
nazira...
2021-10-14 08:16:01
Биздеги келип жашап жаткан туүгандарына келе беришпейби десең.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан