Бүгүн, 13-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 270 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"13-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 270 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 263 метр куб, агып чыгышы 368 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 12-октябрда суу сактагычта 12 миллиард 279 миллион метр куб суу бар болчу.