Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ал белгилегендей, Орусия жана Кыргыз өлкөсүн достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турат.
"Өкмөттүк линия боюнча биргелешкен активдүү иштер практикалык кооперацияны мындан ары чыңдоого, жаңы өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо катында.
Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу кызматтагы ийгиликтерди каалаган.