
Бишкек шаарында 16-17-октябрда айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманкеде айыл чарба азыктары дүң баада сатылат.
Жарманке өтүүчү даректер:
1) Октябрь райондук администрациясы, 12-кичи район, А.Токомбаев -Н.Джетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиштери;
2) Биринчи Май райондук администрациясы, Раззаков-Киев, Токтогул Сатылганов көчөлөрүнүн кесилиштери.