UFC мушкери Рафаэль Физиев мындан ары беттештерде Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыкканды токтотот жана өлкөдөн үй-бүлөсү менен көчүп кетерин айтып чыкты. Ошондой эле ал учурда үй-бүлөсүнө Муфтият тараптан дагы коркутуулар болуп жатканын айткан.
Бул боюнча Кыргыз өлкөсүнүн дин башкармалыгынын маалымат кызматына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Муфтият бул айыптоолорго эч кандай тиешеси жок. Анткени муфтият агартуу иштери менен алектенет. Биз дагы эмне үчүн мындай айыптоолор болуп жатканын түшүнбөй жатабыз. Бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзөбүз", - деп билдиришти мифтияттан.