
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалган Азамат Жаманкулов бүгүн, 14-октябрда расмий түрдө ишке киришти. Министрликтин басма сөз кызматынан белгилешкендей, министр кечээ жалпы эмгек жамаатка тааныштырылды.
Белгилей кетсек, 13-октябрда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин жаңы курамы боюнча токтом долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, Азамат Жаманкулов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин жетектей турган болду.