Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмдин ата-энесине жергиликтүү бийлик тарабынан эки бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат катчысы Кабыл Көчкөнбай уулу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, батирдин ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды.
"Үч эмге турак жай сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 800 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бир уул, эки кыздан турган үч эмди жарыкка алып келген Гүлнара Бүркүтова буга чейин 5 баласы менен ижарада, бир бөлмөлүү батирде күн кечирип келген", - деди Көчкөнбай уулу.
Эске салсак, 2021-жылдын 31-мартына Жалал-Абад шаарынын 38 жаштагы тургуну Гүлнара Бүркүтова 3 эмди жарык дүйнөгө алып келген.