Бүгүн, 14-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 258 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"14-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 258 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 249 метр куб, агып чыгышы 380 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 13-октябрда суу сактагычта 12 миллиард 270 миллион метр куб суу бар болчу.