Биз социалдык тармакта

Кумшекер 64 сом. Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 16-17-октябрь күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке шаардын эки районунда өткөрүлөт:

- Октябрь районунда 12-кичи районундагы А.Токомбаев менен Н.Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Биринчи Май районунда жарманке И.Раззаков көчөсүнүн боюнда, Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлөт.

Жарманкеде азык-түлүккө коюлган баалар:

- ундун килограммы 22 сомдон;
- кумшекер 64 сомдон;
- күрүч 55 сомдон;
- тазаланган күн карама майы 131 сомдон;
- эт (уй эти) 440 сомдон;
- канаттуулардын эти 170 сомдон;
- картошка 24 сомдон;
- сабиз 25 сомдон;
- пияз 14 сомдон;
- ак капуста 28 сомдон;
- помидор 30 сомдон;
- бадыраң 30 сомдон;
- сарымсак 180 сомдон;
- алма 30 сомдон;
- тооктун жумурткасы 10 даана 70 сомдон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nina.alex
2021-10-15 12:54:42
Базардан кымьатко
+3
Asmat84
2021-10-15 13:07:02
Аи сары озон базарынан картошка 18 сомдон сатып алып ушул жака барып сатсак окшойт 24 сомдон
+3
Katrina.
2021-10-15 17:13:25
Кымбат экен, Россияда кумшекер 45 рублей килограмм,сомго чаксан да 64 сомдон арзан болот.
0
Zhainash
2021-10-16 09:12:20
Кызыл кыя базарынан арзан экен
Кум шекер 70
Картошка 35
Сабиз 40
Жумуртка 1 шт 10сом
Пияз 25
Бадыраң 60-70
Помидор 50
Бизде да ушундай жарманке болсо жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан