Биз социалдык тармакта

Бишкекте дүйшөмбүдө дагы 30 автобус каттамга чыгат

Бишкек шаарында 18-октябрдан баштап дагы 30 автобус каттамга чыгат. Бул тууралуу шаардык мэрияга караштуу Транспорт башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамга чыга турган автобустар Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япон ISUZU брендине таандык. Алар газ менен жүрөт. Автобустар №34, 46 жана 21 каттамдары боюнча линияга чыгышат.

Каттамга чыга турган автобустардын бөлүнүшү:

Биримдик жана Бакай-Ата жаңы конушу - 10 автобус;

"Дордой" базары Эне-Сай жаңы конушу жана Чоң-Арык айылы - 10 автобус;

Жеңиш конушу - 10 автобус.

Эске салсак, буга чейин өлкөгө 210 автобус алып келинген. Алардын ичинен 90у гана каттамга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-10-15 16:16:56
Ай ушул туугандардын бир жакшылыктуу унаасы жок эле. Өзүбүздөн Оштон деле чыгып атпайбы андан көрө өзүбүздүн ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого алсак болбойбу
+2
KG-312
2021-10-15 17:48:11
Түркиядан да келет деп аткан эле, кана ошолор?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан