Биз социалдык тармакта

Аскар Акаев "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна бөлгөн 1 миллион сомду кайдан алганын айтты

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын балалык" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборуна которгон 1 миллион сомду Орусиянын Илим изилдөө уюмдарынын федералдык агенттигинен грант катары утуп алган. Мындай маалымат SUPER.KG порталы Аскар Акаевдин өзүнө байланышканыбызда белгилүү болду.

"Мен бул маалыматты ырастайм. Мен Орусиянын Илим изилдөө уюмдарынын федералдык агенттигинен илимий грант утуп алгам. Ошонун 1 миллион сомун Чолпон-Атадагы "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна котордум", - деди Акаев.

Чолпон-Атадагы "Алтын балалык" реабилитациялык борбору Аскар Акаевдин убагында, тагыраагы 2000-жылдан 2005-жылга чейин Майрам Акаева жетектеген "Мээрим" фонду тарабынан дубалы тургузулуп, 2005-жылдан бери токтоп калган.

Ал эми бүгүн, 15-октябрда "Алтын балалык" реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафону болуп өткөн. Анда биринчи айым Айгүл Жапарова сөз сүйлөп, үй-бүлөсүнүн атынан 500 миң сом берген.

Ал эми "Алтын балалык" борборун ишке киргизүү үчүн мамлекет башчысынын фондунан 3 миллион сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ChagyIgan7
2021-10-15 23:56:07
Для него это рубль
+4
Asmat84
2021-10-17 12:36:34
Ушул кудайдан коркпогон шакый Кыргызстандын келечегине балта чапкан киши
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан