Индиянын Нью-Дели шаарында кыргыз кызы жана анын баласынын өлүмүнө байланыштуу каргашалуу окуя боюнча экспертиза иштелип жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"Калкаджи районунун милициясынын маалыматы боюнча, бул иш боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы иштелип жатат. Эгерде экспертизанын жыйынтыгынын негизинде шектүүлөрдүн катыштыгы аныкталса, тиешелүү камоолор жүргүзүлөт", - деп билдиришти министрликтен.
Бул маселе министрликтин жана Кыргыз өлкөсүнүн Индиядагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө.
Буга чейин Индиянын Нью-Дели шаарынын түштүк-чыгышындагы Какаджи районундагы үйлөрдүн биринен 28 жаштагы Мыскал Жумабаева аттуу кыргыз кыз менен анын бир жаштагы уулунун жансыз денеси табылганы айтылган.