Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, зыйнат 18-октябрь күнү саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
16-октябрда 84 жаш курагында Кыргыз эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Майрамкан Абылкасымова каза болгон.