Пархат Тулендыбаевдин депутаттык мандаты Алайбек Алымбаевге тапшырылды. Бул тууралуу чечим бүгүн, 17-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.
Ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Ал "Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат болду.
Пархат Тулендыбаев бүгүн, 17-октябрда өзү берген арыздын негизинде мандатынан ажыратылды.