Коронавирустан стационардык дарыланууда 536 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 526 адам бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Стационарларда дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек шаарында – 289, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 121, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 57, Жалал-Абад облусунда – 30.
Ал эми амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек шаарында – 333, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 88, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 57, Жалал-Абад облусунда – 15.