Биз социалдык тармакта

КТРКнын мурунку директору Бахтияр Алиев Социалдык фонддун башчысы болуп дайындалды

Социалдык фонддун башчысы болуп КТРКнын экс-башкы директору Бахтияр Алиев дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда Бахтияр Алиевди командага министрлер кабинетинин социалдык блок боюнча орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Белгилей кетсек, Бахтияр Алиев Коомдук телерадиоберүү корпорациясын 2020-жылдын декабрынан быйылкы жылдын 15-октябрына чейин жетектеген. Анын ордуна мурунку маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев дайылдалган. Ал эми Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев 9-октябрда отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан