Бүгүн, 18-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 204 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"18-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 204 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 215 метр куб, агып чыгышы 372 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
15-октябрда суу сактагычта 12 миллиард 247 миллион метр куб суу бар болчу.