Өлкөдө мамлекеттик кызматкерлер ноябрда төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 7-ноябрь жекшемби күнгө туура келгендиктен эс алуу күнү 9-ноябрга жылдырылат. Мындан улам 6-7-8-9-ноябрь эс алуу күнү болот.
Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсүндө 2017-жылдан бери 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет.