Биз социалдык тармакта

Билим берүү министрлиги: "Студенттер COVID-19га каршы эмдөө алууга мажбурланбайт"

Жогорку окуу жайлардын студенттерин COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө эч ким мажбурлабайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына маалымдашты.

"Студенттерди эмдөөгө мажбурлоо жок. Бул нерсе түшүндүрүү иштери менен жүргүзүлүшү керек. Ал эми сабактарга кирүүгө чектөө коюу боюнча биз тараптан эч кандай чара жок", - деп билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде студенттер эмдөөдөн өтүүгө, болбосо окуу процессинен четтөөгө мажбур болгондорун билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан