Ош шаарынын борбордук аянтында фигуралык айдоонун дрифт элементтери камтылган унаалардын жарышы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 17-октябрда өтүп, ага 5 миңге жакын көрүүчү келген.
"Жыйынтыгында 1-орунду Акылбек Умуракунов аттуу жаран багындырды.
Уюштуруучулардын бири "Автомотоспорт жана жол коопсуздугу" федерациясынын өкүлү Султан Ибраимовдун айтымында, мелдешке профессионалдык деңгээлде айдаган 16 айдоочу катышып, унаасы менен бир да конусга тийгизбей белгиленген аянтты жогорку деңгээлде басып өткөндүгүн билдирди", - деп жазылат маалыматта.