Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Улан Сарбанов дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-октябрь күнү министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жаңы төраганы жамаатка тааныштырган.
Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурунку төрагасы Арзыбек Кожошев ушул жылдын октябрь айында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.