Жалал-Абад шаарындагы "Нооруз" сейил багынын курулуш иштеринин сапаты текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мэриянын маалыматына ылайык, сейил бактын курулушу иштери менен Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таанышып чыкты.
"Спутник кичи районундагы 8 гектардан ашуун аянтты ээлеген “Нооруз” сейил багы толук реконструкциядан өткөрүү үчүн калаа казынасынан 45 миллион сом бөлүнгөн. Аталган жай эки этап менен жаңыланат. Анын биринчи этабы боюнча курулуштун 80 пайыздан ашыгы аткарылды", - деп жазылат маалыматта.