Биз социалдык тармакта

Суунун агып киришинен чыгышы 2 эсе көп болууда. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү канча метр кубду түздү?

Бүгүн, 20-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 172 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"20-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 172 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 190 метр куб, агып чыгышы 399 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Ал эми былтыр, 2020-жылы дал ушул күнү 15 миллиард 36 миллион метр куб суу бар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан