
Кыргыз өлкөсүндө туристтик тармак COVID-19 пандемиясынын өзгөчө оор кесепеттерине туш болду. Эл аралык учууларды чектөө, чек араларды жабуу биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзү боюнча тармактагы жүгүртүүнүн кескин төмөндөшүнө алып келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 2026-жылга чейин Кыргыз өлкөсүн өнүктүрүүнүн улуттук программасында жазылат.
Кыргыз өлкөсүнүн элинин ачыктыгы, меймандостугу, достугу жана көп түрдүүлүгү эл аралык туризмди өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Ошону менен бирге секторду өнүктүрүүнүн системалуу көйгөйлөрү чечилбеген бойдон калууда.
* Кыргыз Республикасында базалык шарттарды – жеке коопсуздукту, сапаттуу медициналык сервисти, жеткиликтүү маалыматтарды, ыңгайлуу логистиканы жана жер-жерлердеги сапаттуу сервисти камсыз кылуу зарыл;
* Улуттук туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү ийгиликтүү илгерилетүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн туристтик
продукттарды байланыштырган региондук туристтик долбоорлорду жүзөгө ашыруу зарыл;
* Саламаттыкты сактоонун сапаттуу инфратүзүмүнүн болушу туристтик жагымдуулук үчүн башкы шарттардын бири болуп саналарын коронавирустун жайылышы аныктады. Ушуга байланыштуу географиялык жеткиликтүүлүк жана саламаттыкты сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты артыкчылыктуу болушу керек;
* Туристтик секторду өнүктүрүү кластердик мамилеге негизделет;
* Мамлекет Каракол шаарынын базасында – тоо лыжа, Ош шаарынын базасында – тарыхый-маданий, Жалал-Абад шаарынын базасында –60 рекреациялык адистешүүсү менен бир нече чоң туристтик кластерлерди ишке киргизүү үчүн шарттарды түзөт;
* Ошондой эле өлкөнүн табигый климаттык өзгөчөлүктөрүнө жана тийиштүү инфратүзүмдү түзүүгө негизделген реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган “медициналык туризм” кластерин ишке киргизүү зарыл;
* Туристтик сектор туристтик-рекреациялык зоналардын табигый рекреациялык сыйымдуулугун баалоону эске алуу менен жергиликтүү жамааттын жана өлкөнүн туристтик тармагынын субъекттеринин кызыкчылыгында айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу менен туруктуулук принциптеринде өнүгүүгө тийиш;
* Туристтик инфратүзүмдүн базалык компоненттерине модернизациялоо жүргүзүлөт жана алар эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык келтирилет;
* Эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды жана фестивалдарды уюштуруу;
* Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү туризмди өнүктүрүүгө, конокторду тартууга жана өлкөнүн дүйнөлүк туристтик рыноктогу таанымалдыгын арттырууга өбөлгө түздү;
* Өлкөнүн социалдык-маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырган эл аралык окуялардын долбоорлорун ишке киргизүү максатка ылайыктуу;
* Кыргыз Республикасы искусство жана чыгармачылык (кино, музыка, театр), философия жана көчмөн элдеринин тарыхы менен байланышкан көптөгөн маданий долбоорлордун демилгечиси болушу мүмкүн;
* Инфратүзүмдүк келечектүү долбоорлор туризм индустриясын өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушун аяктоо, Ысык-Көл айланма жолун реабилитациялоо, трансулуттук магистралдардын ишенимдүү иштеши өлкөнүн аймагынын байланыштуулугун камсыз кылууга жана убакыттын үнөмдөлүшүнө мүмкүндүк берет;
* “Чалдыбар – Балыкчы” электр поезддеринин негизиндеги транспорттук каттамдардын долбоору келечектүү көрүнөт.