
Эртең, 21-октябрда Ош облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.
Төмөндөгү аймактарда саат 09:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
* Кара-Суу районунун Фуркат, Медресе, Кыргызчек, Малбазар, Кормоцех, Кулиев, МСО, Октябрь, Курбан-Кара, Стант, Тынчтык, Кызылтал, Будалык, Каратай, Агартуу, Маданият, Калинин, Сарай, Эркин, Киров, Конурат айылдары.
* Ноокат районунун Шалдырама, Бобби, Катта-Тал, Адыр, Он-Эки-Бел, Нарай айылдары.
* Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа, Кара-Кочкор, Кашка-Жол айыл өкмөттөрү.
* Араван районунун Анаров айыл өкмөтү.
* Алай районунун Сары-Таш, Үч-Дөбө, Сары-Могол, Талды-Суу айыл өкмөттөрү, Нура айылы.
* Өзгөн районунун Салам-Алик, Көлдүк, Кызыл-Тоо, Кызыл-Октябрь, Баш-Дөбө айыл өкмөттөрү, Өзгөн шаарынын Гагарин, Кошиев, Ленин көчөлөрү.
* Ош шаарынын Анар, Юго-Восток кичи шаарчалары, Курманжан Датка, 8-март, Алиев, Закиров, Садырбаев, Крупская, Атабаев, Жиннах, Пушкин көчөлөрү.
* Саат 09:00дөн 12:00гө чейин: Ош шаарынын Салиева, Раззаков, Абдыкадыров, Чкалов, Эшбаев көчөлөрү, Анар кичи шаарчасы.
* Саат 14:00дөн 17:00гө чейин: Ош шаарынын Абдыкадыров, Саидов, Айтиев, Руставели, Амир-Тимур, Прибрежная, Королев, Муса Жалил, Латипжанов, Тополиная, Манас, Рахимов, Резиденция №1, Карашев көчөлөрү.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.