Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө мектепке кеткен боюнча үйүнө келбей калган өспүрүм күнү-түнү иштеген дүкөндөн табылды

Ысык-Көлдө мектепке кеткен боюнча үйүнө келбей калган 14 жаштагы өспүрүм милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү болжол менен саат 16:00 чамаларында Ысык-Көл РИИБине 47 жаштагы Бостери айылынын тургуну кайрылып, анын 14 жаштагы уулу эртеӊ менен мектепке кетип, кайра үйгө келбегенин билдирген.

Аталган факты райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, өздүк курамы өспүрүмдү издей баштаган. Издөө иштеринин жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, дайынсыз жоголгон өспүрүмдү, түн ортосунда Чолпон-Ата шаарынын күнү-түнү иштеген дүкөндөрүнүн биринен табышкан.

Жүргүзүлгөн профилактикалык баарлашуудан кийин өспүрүм ата-энесине кайтарылып берилген. Учурда өспүрүмдүн үйдөн ата-энесине айтпай кетип калуусунун жагдайлары аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-10-21 11:35:11
Азаматсың, бирок чачыңы жакшылап тарап ал формага жарашпай калат экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан