Биз социалдык тармакта

Абайлаңыз сүрөт! Бишкекте жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн тактоого милиция жардам сурайт

Бишкек милициясы жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн тактоого коомчулуктан жардам сурайт. Билдирүүгө ылайык, жансыз дене 16-октябрь күнү Бишкектин Чоң Чүй каналынан табылган. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Сары түстөгү футболка. Денесинин көп бөлүгүндө "Факел", "Роза", "Зло", 195?", "Креста" жана башка ушул сыяктуу татуировкалары бар.

Кимде ким сүрөттөгү жаранды таанып-билген болсо, аты-жөнүн тактоого милиция жардам сурайт.

Байланыш телефону: 0702 49-88-88, 0557 11-94-10, 0776 17-15-15.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан