Бүгүндөн баштап Ош шаарындагы аянттан унаалардын жүрүүсүнө кечки саат 20:00дөн тарта уруксат берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мындай тапшырманы шаар мэри Алмаз Мамбетов берген.
"Ош шаарынын борбордук аянтында 20:00дөн 07:00ге чейинки чектөө алып салынды. Буга чейин айдоочулар каттоодогу ыңгайсыздыктар үчүн даттанып келишкен болчу", - деди басма сөз кызматы.