Биз социалдык тармакта

"Бардык жерде таштандылар жатат...". Акылбек Жапаров Кыргыз өлкөсүн Сингапурга салыштырды

Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде тазалыкты жана тартипти орнотуу керектигин баса белгиледи. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жапаровдун айтымында, аймактарды тартипке келтирүү үчүн жазды күтүүнүн кажети жок.

«Бардык жерде таштандылар, желим баштыктардын калдыктары жатат. Башка өлкөлөрдө, мисалы Сингапурда, адамдар таштандыны каалаган жерге таштабайт: бардык көчөлөр таза жана жашыл. Шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары ишенилген аймакта, коомдук жайларда тартип үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Тартипке келтирүү, жашылдандыруу маселелери – сиздердин милдетиңиздер. Бул маселени чечүү үчүн жазды күтүүнүн кажети жок», – деп айтты ал.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы парламенттик шайлоо учурунда административдик ресурсту колдонууга жол берилбестигин, тактап айтканда, үгүт иштерине мугалимдерди, медицина кызматкерлерин жана бюджеттик чөйрөнүн башка өкүлдөрүн тартпоону эске салды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Apyn8793
2021-10-21 19:15:59
Аткарышпаса када, анан эсине келет баары
+4
Simels
2021-10-21 19:53:49
Таштандыны ким ыргытат? Эл ыргытат. Кичине баладан баштап улуу муундагы адамдарга чейин каалаган жерге каалаганын ыргытып кете беришет. Ошон үчүн өзүбүз элдер тазалыкты ар бирибиз сактаганда, эч жерде жайнап мусор жатмак эмес.
+12
TIMON_BERKOWITZ
2021-10-21 19:57:11
Тазалыкка мамлекеттин тиешеси жок. Тазалыкка озубуз кунолуубуз. Машиненин ичиндеги баклашкаларды жолдун боюна ыргытабыз. Отурган жерибиздин айланасы тамеки калдыктары, бутылка анан насвай.. Таштанды төккөнү чыгабыз дагы, жол боюна таштай качабыз. Аны коншунун ити көчөнүн баарына жайып чыгат.
Ал эмес жаш балабызды Ак Үйдү каратып туруп сийдирип коебуз, эмнесин танабыз?
Кыскасы тазалыкка келгенде өтө маданиятсызбыз!
+13
Asmat84
2021-10-21 20:00:41
Омеей ботом бул киши жаңы келди да ээ бийлике. Мурда каякта журду экен бул киши. Мурда эле шайлабапбыз жаңы жүз тура
+5
Antiradikal3
2021-10-21 20:13:59
Тазалыкты сактоого мамлекет/бийлик да салым кошушу керек. Мисалы Ош-Бишкек жолун мисалга алалы. Канча жерде ажаткана, канча жерде мусорный бак бар? Казахстанды эле алалы. Тээ алыскы чолдорду аралап откон жолдордо да атайы машине токтото турган стоянкалары, машине ондоого ылайыкташкан горкасы, ажатканасы, мусорный бактары бар. А биздечи? Жок. Жол катар мусор. Айрыкча талааларда учуп жургон пакеттер. Эмнеге мамлекет жана жергиликтуу бийлик конул болбойт?
+6
Antiradikal3
2021-10-21 20:24:44
Ош-Бишкек жолунда бир ажаткана кордум. Айтсам кулосунор. Кайсы акмак ошол жерге ажаткана курууга бел байлады, тушунбойсун. Шаарларды эле алалы. Шаарларда жетиштуу мусорный бак, мусорный контейнерлер жок. Кочо толо мешоктордо мусорлор. Айрым жерлерде он-жыйырма мешок уйулгон мусор. Дагы жакшы мешокто. Ошону жол боюна жыйдырбай мусорный контейнер коюп берсе болбойбу мэриялар? Шаарларда жетиштуу ажаткана, суу аккан кранттар жок. Башка олколордо АЗСтерде ажатканалар бар, бизде жок.
+5
Antiradikal3
2021-10-21 20:27:32
Акылбек Жапаровдун озуно келсек, тазалыкка ундогону жакшы. Бирок раз Кыргызстанды Сингапурга салыштырыптыр, Сингапурда коррупция Кыргызстандагыдай бекен? Мыйзамдары биздикиндей бекен? Бизде мыйзам карапайым элге эле иштейт. Чондорго мыйзам иштебейт. Акыры келип Жапаровдой биринин орду Сингапурда бийликтеби же турмодобу? Кытайда Жапаровду дароо атып салмак Окмот.
+5
wotkg
2021-10-21 20:27:54
Государство толоп берчу беле илгери?
+5
Tursunbaev1978
2021-10-21 20:56:21
"чисто не там,где убирают,а там где,не мусорят"деп Орустар айтмакчы,тазалык өзүбүздөн дагы көз каранды,мисалы Японияда садиктен баштап үйрөтөт экен жаш балдарды таштандыны бөлгөндү,өнүккөн европа мамлекеттеринде дагы тазалыка жакшы көңүл бурулган,таштандыны кайра иштетүүчү заводторду куруу керек,полигондорду жок кылып
+4
Alinur96kg
2021-10-22 01:36:27
Бул Жапаров чыккан доодуроп бир убактарда,100 долларга бир семья бир ай жашаса болот деп.Тазалык жагын чындыгында мойунга алышыбыз керек.Жол жээктери бутундой эле мусор.
+3
Katrina.
2021-10-22 14:31:59
2015 Кыргызстанга барганбыз чон уулум 4 класста окуйт эле,ыссыкта суу ичип бутылкасын ыргыткынга мусорный контейнер жок.Базарда отургандардан каерде мусорный бак деп сураса кайра мыскылдап кулушкон точно башка жактан келипсин бизде любой жерге ыргытат деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан