Эртең, 22-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, дыйканчылык аймактарда жаан карга айланат. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Талас облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 0...+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...+5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -4...+9,
Чүй жана Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз -1...+6,
Бишкекте түнкүсүн -1…-3, күндүз -2…+4°.