Биз социалдык тармакта

Бишкек-Ош унаа жолунда транспорт каражаттарына киргизилген чектөөлөр алынды

Бишкек-Ош унаа жолунда транспорт каражаттарына киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

"22-октябрь саат 08:30дөн баштап Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда тынымсыз жааган кардан пайда болгон унаалардын тыгыны жоюлуп, Токтогул району аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолундагы "Арал" стационардык постуна киргизилген убактылуу чектөөлөр алынды.

Бишкек тарапка сапарга чыккан бардык айдоочуларга, керектүү шаймандарды алып ошондой эле дөңгөлөктөрдү кышкы сезонго ылайыктуу алмаштырып андан соң гана сапарга чыгууларын эскертебиз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан