КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда XI аймактык эксперттик кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-октябрда Бишкек шаарында УКМКнын колдоосу астында, КМШга мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы борбору тарабынан уюштурулган. КМШга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтары жана укук коргоо органдары терроризмге жана экстремизмден башка зордук-зомбулук көрүнүштөргө каршы туруу боюнча, Коопсуздук органдарынын өкүлдөрүнүн XI аймактык эксперттик кеңешмеси өткөрүлдү.
Иш-чарага Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандын коопсуздук кызматынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышкан.