Биз социалдык тармакта

Талас ОИИБи акыркы 9 айынын ишмердүүлүгүн жыйынтыктады

Талас ОИИБи акыркы 9 айынын ишмердүүлүгүн жыйынтыктады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам кеңешмеге Талас ОИИБинин башчысы Марлис Асанов төрагалык кылып, Талас шаардык жана бардык райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери, кызмат башчылары катышты.

"Облус аймагында жергиликтүү калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү туруктуу негизде өркүндөтүп, жаңы кадамдар менен милициянын жаңы образын коомго тартуулоо боюнча ишмердүүлүктү колго алуу керек”, - деди Марлис Асанов.

Укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактика иштерин күчтөндүрүп, элге жакындан жардам көрсөтүү менен заманбап сервистик тейлөөнү калыптандыруу иш-чараларын колго алып, иш-чаралардын жүрүшүн көзөмөлгө алуу керектиги айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан