Биз социалдык тармакта

Кыргыз жергеси орусиялык блогерлердин көзү менен. Өлкөбүз тууралуу дагы бир берүү эфирге чыгат

Орусиянын белгилүү блогерлери Кыргыз жерине келишип, тартуу иштерин жүргүзүштү. "Өз жолубуз менен - Виталик жана Лиза" долбоорунун авторлору бул жолку саякатында Кыргыз өлкөсүнүн Жети-Өгүз районуна, "Кумтөр" кенине барышты. Бул туурасында түгөйлөр Инстаграм баракчасына видео жарыялашты.

Блогерлердин айтымында, алар жергиликтүү тургундардын жашоосун, кыргыз тамак-ашын, узак жолдорду тартышты. Кыргыз өлкөсү туурасында берүүнү ушул аптада экранга чыгаруу пландалууда.

Белгилей кетсек, Виталик жана Лиза дээрлик 10 жылдан бери дүйнөнүн 70 өлкөсүнө саякаттап, берүүлөрдү тартып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Agayu
2021-10-25 20:58:46
1 жума ойноп кетишсе баары эле мактап кетсе керек .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан